Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2022-жылдын 13-январы № 4
Өрүктү айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын түзүлгөн курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык Кеңешинин 5 (беш) туруктуу комиссиясы:
- Бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча;
- Укук, мыйзамдуулук жана этика боюнча;
- Жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт боюнча;
- Өндүрүш, транспорт, өнөр жай жана муниципалдык менчик боюнча;
- Социалдык тармактар, жаштар, спорт жана маданият боюнча комиссияларынан түзүлсүн.
2. Өрүктү айылдык Кеңешинин;
- Бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Аким уулу Азамат, мүчөлөрү Элтүзерова Гүлнура Жаныкуловна, Турдуева Гүлүмкан Эшалыевна жана Бөрүбеков Замирбек Баймырзаевичтер;
- Укук, мыйзамдуулук жана этика боюнча комиссиясынын төрагасы Токтомушев Акылбек Эгембердиевич, мүчөлөрү Өмүрзакова Ыкылым Таштемировна, Оңолбаева Толгонай Кочкоралыевналар;
- Жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар экология жана жайыт боюнча комиссиясынын төрагасы Абдиев Санжар Мавлянкулович, мүчөлөрү Абдираимов Нурбек Койчукулович, Анарбаев Бостон Шайлыбаевич, Дооронбеков Азамат Насирдиновичтер;
- Өндүрүш, транспорт, өнөр жай жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын төрагасы Наримбетов Султанбек Турдумамбетович, мүчөлөрү Сатыбеков Сатылган Ыстамалиевич, Бекназарова Гүлмира Аширбековна, Чолпонкулова Гүлжамал Нарбаевналар;
- Социалдык тармактар, жаштар, спорт жана маданият боюнча комитетинин төрагасы Кулматов Марс Кубанычбекович, мүчөлөрү Бузурманкулова Тинатин Эрбаевна, Сапарова Бүбайша Турдалиевна жана Темиралиев Раймалы Кулмаматовичтер болуп бекитилсин.
3. Туруктуу комиссиялардын төрагаларына өз комиссиясынын мүчөлөрү менен биргеликте туруктуу комиссиясынын 2022-жылга карата иш планын даярдоо милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсы н.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Арстанбеков Жумадил Аскарбековичке жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |