Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2022-жылдын 21-февралы № 1
2021-жылдын жыйынтыгы менен айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү отчетту угуу жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун 2021-жылдын жыйынтыгы менен Өрүктү айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсүнүн негизинде Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Осмонбеков Медеткандын 2021-жылдын жыйынтыгы менен Өрүктү айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.
2. Айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү Осмонбеков Медеткандын берилген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |