Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 21-февралы № 2
Убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айылында контора куруу үчүн салынган фундаменттин жана ал жайгашкан жер аянтынын тиешелүүлүгүн, менчигин тактоо максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылынын А. Ражапов №90 дарегинде жайгашкан жер аянтынын тиешелүүлүгүн, менчигин бир айлык мөөнөт аралыгында тактоо үчүн убактылуу комиссия түзүлсүн.
2. Түзүлгөн убактылуу комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
- Ж. Арстанбеков – айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
- Ш. Ниязбеков – а/а жер адисинин убактылуу милдетин аткаруучу, комиссиянын мүчөсү;
- Т. Кулумбетов – а/а экономист-статист, комиссиянын мүчөсү;
- А. Элтузеров – Өрүктү айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;
- Ы. Өмүрзакова – айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
- Н. Абдраимов – айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
- З. Бөрүбеков – айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
- Г. Чолпонкулова – айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
- М. Кулматов – айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |