Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2022-жылдын 21-февралы № 3
Акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Чолок-Тума айылындагы жаңы курулган 75 орундуу балдар бакчасына мебелдерди, ашкана жабдууларын жана башка чарбалык буюмдарды сатып алуу үчүн түзүлгөн сметага ылайык керектүү болгон акча каражатын айыл аймактын бюджетинен карап берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы курулган балдар бакчанын имаратына керектүү буюмдарды сатып алуу үчүн айыл аймактын бюджетинен 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Сатып алууларды КР нын мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу уюштуруу, керектелүүчү материалдарды жана жабдууларды сатып алуу үчүн акча каражаттарды тиешелүү статьялардан бөлүп берүү ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |