Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2022-жылдын 21-февралы № 4
Жалал-Абад областын өнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоор үчүн айыл аймактын бюджетинен өздүк салымын бөлүп берүү жөнүндө
Өрүктү айылдык аймагынын Кең-Кол айылына таза суу түтүгүн орнотуу долбоорун Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондуна сунуштоо үчүн айыл аймактын өздүк салым катары каражатын ажыратуу максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Кең-Кол айылына таза суу түтүгүн орнотуу долбоорун ишке ашыруу үчүн айыл аймактын бюджетинен 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом акча каражаты айыл аймактын өздүк салымы катары бөлүп берилсин.
2. Аталган акча каражатын тиешелүү статьядан мыйзамдын чегинде ажыратып берүү ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |