Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2022-жылдын 21-февралы № 5
Иш кагаздарын даярдоого уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айылдык аймагынын Өрүктү-Сай айылынын тургундарынын муктаждыктарын жана сунуш-талаптарын эске алып, Өрүктү айыл аймагынын 22.12.2022-жылдагы №181-буйругу менен түзүлгөн убактылуу комиссиясынын Актына ылайык, Өрүктү-Сай айылындагы Ж. Бешимов мектебинин эски имаратына балдар бакчасын уюштуруу үчүн иш кагаздарын даярдоо максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү-Сай айылынын тургундарынын кайрылуулары жана Өрүктү-Сай айылына балдар бакчасын уюштуруу үчүн жерин аныктоо боюнча түзүлгөн комиссиянын Акты эске алынсын.
2. Ж. Бешимов мектебинин эски имаратына балдар бакчасын уюштуруу үчүн багытын өзгөртүү боюнча иш алып баруу айыл аймак башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык тармактар, жаштар, спорт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |