Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 21-февралы № 6
Өрүктү айыл аймагынын эсебиндеги техникалардын 2022-жылга сметасын бекитүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын эсебиндеги техникалардын (погрузчик, ХОВО) кызмат көрсөтүүлөрүнүн 2022-жылга карата сметасын бекитүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Айыл аймактын эсебиндеги техникаларды мөөнөтсүз пайдаланууга алган жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Н. Арзыматовдун билдирүүсү боюнча техникалардын 2022-жылга дүң кирешеси 5 700 000 (беш миллион жети жүз миң) сом, чыгашасы 3 250 000 (үч миллион эки жүз элүү миң) сом, ал эми таза кирешеси 2 450 000 (эки миллион төрт жүз элүү миң) сом болуп бекитилсин.
2. Атайын жүктөөчү техниканын төлөмүнүн тарифи төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленсин:
1 мото/сааты: жеке менчик жактарга кызмат көрсөтүүдө – 3 000 (үч миң) сом;
а/өкмөтү тарабынан аткарылуучу коомдук жумуштарга – 2 000 (эки
миң) сом өлчөмүндө;
ал эми айдоочунун эмгек акысы күнүнө 1 500 (бир миң беш жүз) сом болуп бекитилсин.
3. Техникаларды юридикалык жеке менчик жактарга ижарага берүүдө 1 ай үчүн 400 000 (төрт жүз миң) сом өлчөмдөн кем эмес төлөм белгиленсин.
4. Юридикалык жеке менчик жактарга жөнөтүп жатканда жана келгенде техникалардын мото/сааты жазылып, атайын комиссия тарыбан акт түзүлсүн.
5. Төлөмдөрдү жогорудагы бекитилген көрсөткүчтөрдүн чегинде көзөмөлдөө, келишимдерди түзүү техникаларды мөөнөтсүз пайдаланууга алган жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Н. Арзыматовго милдеттендирилсин.
6. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |