Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2022-жылдын 21-февралы № 7
Акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин электрондук документ жүгүртүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүгүү Министрлигинин жүргүзүп жаткан саясатына ылайык, Өрүктү айыл өкмөтүнө керектүү болгон компьютерлерди сатып алуу үчүн айыл аймактын бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл өкмөтүнө керектүү болгон компьютерлерди сатып алуу үчүн айыл аймактын бюджетинен 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом тиешелүү статьялардан ажыратып берилсин.
2. Сатып алууларды КР нын мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу уюштуруу, акча каражатты тиешелүү статьялардан бөлүп берүү ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |