Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2022-жылдын 21-февралы № 8
Н. Нурумбет уулунун ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун кароо жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Орто-Токой айылынын жергиликтүү тургундарынын нааразычылыктарын эске алып, Орто-Токой суу сактагычына тиешелүү болгон Орто-Токой айылына жакын жайгашкан аймакта өз алдынча алтын казуу иштеринжүргүзүп жаткан Н. Нурумбет уулунун мыйзамдуу иш алып баруусун камсыз кылуу максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIIIчакырылышынынкезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №271 токтомуна ылайык, өз алдынча алтын казуу иштерин жүргүзгөн жер аянтын кайрадан калыбына келтирүү Н. Нурумбет уулуна милдеттендирилсин.
2. Жергиликтүү тургундардын мал жандыктарына коркунуч туудурбай жергиликтүү тургундар менен өз ара келишип, алардын кызыкчылыктарын эске алуу менен, КР Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу Н. Нурумбет уулуна жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттикреестрине киргизүүӨрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймак башчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |