Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2022-жылдын 21-февралы № 9
Айыл аймагына сырттан аарычылардын кирип жайгашуу тартибин бекитүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагындагы аарычылык тармагын жөнгө салуу жана өркүндөтүү үчүн жайыт жерлеринен аарычылар үчүн убактылуу пайдаланууга ырааттуу бөлүштүрүп берүү, балчелектерди жайгаштыруу максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагындагы аары бүлөлөрүн ар түрдүү оорулардан сактоо, жергиликтүү аарычылардын экономикалык бакубаттуулугун камсыздоо үчүн, Өзбекстан Республикасынын жарандарынын же алар менен шериктеш болгон башка жарандардын аары бүлөлөрүн айыл аймагына жеринин менчигинин түрүнө карабастан жайгаштырууга убактылуу чектөө киргизилсин.
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |