Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2022-жылдын 21-февралы № 11
“Көк бөрү” оюнун уюштуруу үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айылында “Көк бөрү” оюнун уюштуруучу, көк бөрү командасынын капитаны Темиралиев Райымалынын кайрылуусунун негизинде “Көк бөрү” спорттук оюну үчүн аянтчасын курууга Өрүктү айыл аймагынын Наабайдын бели участкасындагы жайыт жерине тиешелүү болгон 2,0 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Наабайдын бели участкасындагы 2,0 га жер аянты “Көк бөрү” оюнун уюштуруу үчүн убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилсин.
2. Жер аянтын ажыратып берүү боюнча келишим түзүү, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш кагаздарын даярдоо айыл аймактын жайыт комитетинин төрагасы Н. Арзыматовго жүктөлсүн.
3. “Көк бөрү” аянтчасын сүрүп-тегиздөө үчүн жайыт комитетинин пайдалануусундагы техникаларды, күйүүчү май каражатын уюштуруучулар тарабынан камсыздоо келишими менен, акысыз кызмат көрсөтүүсүнө уруксат берилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |