Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2022-жылдын 21-февралы № 12
Өрүктү айыл аймагына караштуу айылдарга трансформатор орнотуу жөнүндө
Электроэнергиянын сапатын жогорулатуу, жергиликтүү кожолуктарды толук пайыз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында Өрүктү айылдык аймагына караштуу Өрүктү, Орто-Токой айылдарына, Жыл-Булак жана Сенобаза участкасына орнотулган трансформаторлордун жер аянттарын тактоо максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү, Орто-Токой айылдарына, Жыл-Булак, Сенобаза участкаларына орнотулган трансформаторлордун жер аянттары такталсын.
2. ИТШ даярдоо үчүн айыл аймактын бюджетинен тиешелүү статьялардан акча каражатын бөлүп берүү ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К. С. Усенбаева |