Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги (кезексиз) VII сессиясы
2022-жылдын 31-январы № 7-3
2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө.
Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Эркинбек кызы Турдукан 2022-жылы өтүүчү эл жана турак жай фондун каттоо боюнча маалыматы менен айыл кенешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылы өтүүчү эл жана турак жай фондун каттоого 200000(эки жүз миң)сом акча каражаты жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратууга макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция,ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн
3. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | Э.Исманов |