Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги (кезексиз) VII сессиясы
2022-жылдын 31-январы № 7-8
Өзгөчө кырдаалга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу жөнүндө.
Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн ФЭБнин башчысы А.Маматовдун маалыматы менен айыл кенешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөчө кырдаалдарга жергиликтүү бюджетин эсебинен 200000(эки жүз миң )сом акча каражатын ажыратууга макулдук берилсин,
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн
3. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | Э.Исманов |