Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги (кезексиз) VIII сессиясы
2022-жылдын 17-февралы № 8-1
Т.Балтагулов айыл аймагына караштуу 12.2км жолду “ДЭУ-17” ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө.
Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын, биринчи маселелеси боюнча айыл кенешинин төрагасы Э.Исманов айыл кенешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрилигин алдындагы”Жалал-Абад –Балыкчы”автобиль жолдорунун башкармалыгынын 2020-жылдын 20-январында түзүлгөн атайын акты менен Т.Балтагулов айыл өкмөтүнө убактылуу өткөрүлүп берилген “Ала-Бука –Касан” автожолунун 1.8ден 14 чейинки чакырымынын узундугу 12.2км болгон авто жолду “ДЭУ-17” ишканасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин
2. Т.Балтагулов айыл өкмөтүнө убактылуу өткөрүлүп берилген “Ала-Бука –Касан” автожолунун 1.8ден 14 чейинки чакырымынын узундугу 12.2км болгон авто жолду “ДЭУ-17” ишканасына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Назарбековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн
4. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | Э.Исманов |