Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 24-февралы №1
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 14.04.2015-жылдагы кезектеги XXII сессиясынын №12-токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 27.01.2022-жылдагы чыг.№01-23/12 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеңештин 22.02.2022-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып чыгып, жыйындын корутундусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 14.04.2015-жылдагы кезектеги XXII сессиясынын №12-токтомунун 1-тиркемесине К1 бөлүгүнө төмөндөгүдөй редакцияда бир пункт кошулсун: “e) гараж-0,3 жана эсептөө формуласы төмөндөгүдөй бекитилсин: “Гараждын бир чарчы метрине ижара акысынын эсептөө формуласы Бт*К1*S=Т ар.”
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |
Жалал-Абад шаардык кеңешинин “24”-февраль 2022-жылдагы №1-токтомуна 1-тиркеме |
Турак жай эмес имараттардын жана бɵлмɵлɵрдүн бир айлык ижара акысын аныктоочу формула.
Эсептɵɵ тɵмɵнкү формула менен аныкталат:
Бт*К1*К2*К3*S=Т ар.
Бт-базалык чен (ставка) шаар боюнча 19 сомго барабар
К1-имараттын же бɵлмɵнүн орун алуу коэффициенти.
К2-имараттын же бɵлмɵнүн тармактык пайдалануу коэфициенти.
К3-имараттын же ɵлмɵнүн абалына карап пайдалануучу коэфициент.
S-имараттын же бɵлмɵнүн аянты.
Т ар.-турак жайга кирбеген имарат же бɵлмɵ үчүн ижара акы.
К1-
а) бɵлɵк жайгашкан имарат 1,5
б) имараттын ичиндеги жай 1,3
в) кошумча курулган жай 0,8
г) жер тɵлɵɵ (подвал) 0,5
д) кампа (склад) 0,8
e) гараж-0,3
К2-
а) Сүрɵтчүлɵрдүн, айкелчилердин, архитекторлордун жана элдик чеберлердин ɵнɵрканалары, спорттук кызмат кɵрсɵтүү жайлары 1,2
б) Нан азыктарын, азык-түлүк товарларын, сүт азыктарын, кондитердик азыктарды, ичимдиктерди сатуу учун пайдалануучу аянттар, тамак-аш даярдоочу жана сатуучу коомдук тамак аш ишканалары, ɵндүрүштүк тармакта пайдалануучу имараттар же бɵлмɵлɵр 1,2
в) Даары дармектерди сатуу жайлары, медициналык кызмат кɵрсɵтүү жайлары, офис үчүн имарат же бɵлмɵлɵр, финансы мекемелери, камсыздоо компаниялары, биржалар, автомобилдерди, техникаларды эсептɵɵ жана башка жабдууларды ондоо жана техникалык тейлɵɵ. Материалдарды ксеро-кɵчүрмɵлүк иштетүү үчүн пайдалануучу имараттар же бɵлмɵлɵр 1,5
г) а,б,в-пунктарына кирбеген башка жайлар үчүн 1,8
К3-
а) Капиталдык ремонтту талап кылат 0,6
б) Женил ремонтту талап кылат 1,2
в) Ремонт талап кылбайт 1,8
Жардамчы, кошумча бɵлмɵлɵр үчүн (коридор, чыгып- түшүүчү тепкичтер, сан.түйүндөр) жогорудагы формула менен эсептелип, чыккан сумманын 50% түзɵт.
Мисал: 120м2 түзгɵн тери-венерологиялык оорулууларды кабыл алуу жайы.
19*1,5*1,5*1,2*120=6156 сом
Ушул имараттын ичиндеги кошумча, жардамчы бɵлмɵлɵрдүн аянты (коридор) 18м2 түзɵт.
19*1,5*1,5*1,2*18*0,5=461,7сом
Жыйынтыгында бир айлык ижара акынын жалпы суммасы 6156+461,7=6617,7 сомду түзɵт.
Кампанын бир айлык ижара акысы төмөндөгүдөй эсептелсин:
19сом*08*1,8*0,6*200м2=3283,2сом/бир айлык ижара акыны түзөт.
Гараждын бир чарчы метрине ижара акысынын эсептөө формуласы Бт*К1*S=Т ар. түзөт.
Шаардык кеӊештин башкы адиси | О.Эшенкулов |