Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 24-февралы №2
Муниципалдык менчиктеги эскилиги жеткен техниканы тикелей сатууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 11.02.2022-жылдагы чыгыш №01-23/19 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеңешинин 22.02.2022-жылдагы кеӊейтилген жыйынында карап чыгып, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри А.Раматилаевдин баяндамасын угуп, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинин оперативдүү башкаруусунда турган 1990-жылы чыгарылган “Мерседенс Бенц” 410 үлгүсүндөгү 2402 DA мамлекеттик номерлүү кичи автобусун тикелей сатууга уруксат берилсин.
2. Мыйзамдын талаптарын сактоо менен мүлктү сатуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Ж.Борукулов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |