Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 24-февралы №3
“Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборунун мүлктөрүн муниципалдык менчикке кабыл алуу жана оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесинин 6-пунктуна жана 16-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 15.02.2022-жылдагы чыгыш №01-23/21 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеңешинин 22.02.2022-жылдагы кеӊейтилген жыйынында карап чыгып, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри А.Раматилаевдин баяндамасын угуп, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборуна дем берүүчү гранттардын эсебинен оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн имараттын бөлмөлөрүн, эмерек буюмдарын жана №7-мектебинин короосунда курулган балдар ойноочу аянтчаны муниципалдык менчикке кабыл алууга уруксат берилсин жана “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборуна оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин.
2. “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборуна дем берүүчү гранттардын эсебинен оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн имараттын бөлмөлөрүн, эмерек буюмдарын жана №7-мектебинин короосунда курулган балдар ойноочу аянтчаны муниципалдык менчикке кабыл алып, кайрадан “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборуна оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Ж.Борукулов) милдеттендирилсин.
3. “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборунун башчысына (Н.Айсариев) оперативдүү башкарууга берилген мүлктөрдүн сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |