Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 24-февралы №4
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 27.10.2021-жылдагы кезектеги IX сессиясынын №4-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 21.02.2022-жылдагы чыгыш №01-23/31 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеңешинин 22.02.2022-жылдагы кеӊейтилген жыйынында карап чыгып, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри А.Раматилаевдин баяндамасын угуп, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 27.10.2021-жылдагы кезектеги IX сессиясынын
№4- токтомунун 2-пункту жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин карамагындагы “Курулуш Маркет” базарынын жалпы 547 чарчы метр жери соода түйүн катары пайдаланылсын жана ишкерлер менен келишим түзгөн күндөн тартып 3 (үч) айлык мөөнөттө акысыз пайдаланууга берилип, андан кийинки мөөнөткө 1 чарчы метр жер аянтына 110 сомдон ижара акы төлөмү 2023-жылдын 1-январына чейин бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин карамагындагы “Курулуш Маркет” базарында учурда иштетилбей турган “B” блогундагы 300 чарчы метр жерин иштетүү максатында убактылуу кампа катары пайдаланууга уруксат берилсин жана 1 чарчы метр жер аянтына 70 сомдон ижара акы төлөм бекитилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директоруна (К.Исмаилов) ижара төлөмүн жергиликтүү бюджетке түшүрүү жана ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |