Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 24-февралы №5
Жалал-Абад шаардык кеӊештин 29.12.2021-жылдагы кезексиз XII сессиясынын №2-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесин негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 15.02.2022-жылдагы чыгыш №01-23/30 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеңешинин 22.02.2022-жылдагы кеӊейтилген жыйынында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык кеӊештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊештин 29.12.2021-жылдагы кезексиз XII сессиясынын
№2-токтомунун 2-пункту жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |