Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 24-февралы №8
Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкаруусунун “Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча 2022-2026-жылдарга карата программасын” бекитүү жана 20,18 гектар жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 14-беренелерин негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 20.01.2022-жылдагы чыгыш №01-23/5 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеңешинин 22.02.2022-жылдагы кеӊейтилген жыйынында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык кеӊештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкаруусунда жайгашкан 6,04 гектар жер тилкесин “Өнөр жай жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” жана 14,14 гектар жер тилкесин “Айыл чарба максатындагы жер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкаруусунун “Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча 2022-2026-жылдарга карата программасы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына өз ишмердүүлүгүнө жогоруда бекитилген программасын ишке ашыруу үчүн иш аракет жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин жана аткарылышы тууралуу бир жылда бир жолудан кем эмес шаардык кеӊештин сессиясында отчет берүү жагы шаар мэрине (Э.Ормоков) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |
Жалал-Абад шаардык
кеңешинин “24”-
февраль 2022-
жылдагы
№8-токтомуна
№1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Спутник атындагы аймактык башкаруу мекемесинин 2022-2026-жылдарга карата программасы.
1.1. Географиялык өзгөчөлүктөрү.
Спутник атындагы аймактык башкаруу мекемеси (мындан ары – А.Б) Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкаруусу орун алган. Чыгыш тарабынан Достук аймактык башкаруу, түштүк тарабынан Таш-Булак, түндүк тарабынан Таш-Булак айылдык округу, батыш тарабынан Таш-Булак менен чектешип турат.
Рельефи: Аймактык башкаруунун аймагынын түздүк бөлүгү топурак, кум, майда таш жана шагылдардан турат.
Климаты: Климаты баардык райондук климаттык көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт. Климаты континенталдык, ачык байкалган кышы жана жайы менен. Абанын бир айлык орточо температурасы жай айларында өрөөндөрдө +33+400С, күз кургак жылуу кийинирек кышка айланат. Жердин үстүндө кар көп жатпайт. Январь-февраль айларында абанын температурасы –8-120С. Атмосфералык жаан-чачындын орточо саны бир жылда 500 мм. ден 600 миллиметрге чейин өзгөрүп турат.
Гидрографиясы: АБ аймагы аркылуу тоолуу жерлердеги куймалары менен Кок-Арт дарыялар агып өтөт (Кѳк-Арт дарыясы – 150 куб.м/с,) Дарыяларга кар-мөңгүнүн ээриген жана жаан-чачын суулары кошулат, максималдуу суу ташкын мезгили – май-июнь айлары. Түз жерлеринде коллектордук-дренаждык түйүндөр жок.
Өсүмдүктөрү: Тик алкактагы рельефи өсүмдүк катмарынын ар түрдүүлүгү менен шартталган. Жалпы түрлөрүүнүн курамы – ондогон түрлөрү, алар топторго кошулат (жээлчү жана жээлбечү).
Чөп өсүмдүктөрү менен катар эле бадалдар менен бак-дарактар да бар: терек, кара жыгач, тал түркүмүндөгүлөр да кездешет. Бакчалардан жыгач породалардын, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көп түрүн кездештирүүгө болот.
1.2. Аймактык башкаруусундагы социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
Аймактык башкаруунун жалпы аянты 650 га, калктын туруктуу курамынын саны 28590 адам, алардын ичинен:
· Эркектер – 11280 адам;
· Аялдар – 17265 адам;
· 7 жашка чейинки балдар – 917 адам;
· 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар – 3876 адам;
· 18 жаштан 65 жашка чейинкилер – 9591адам.
Калктын эмгекке жарамдуулары - 9591 адам, алардын катарында:
· Иштегендери - 6921 адам;
· Иштебегендери - 2670 адам.
-калктын социалдык аярлуу топтору:
· пенсионерлер - 2570 адам;
· майыптар - 139адам;
· жалгыз бой кары жарандар - 15 адам;
· 7 жашка чейинки балдар - 917 адам.
Спутник аймактык башкаруусундагы калктуу конуштун жерлери категориясына (трансформация) өтпөгөн жер тилкелеринин жарандары тууралуу маалымат
№ | Калктуу конуш | Пенсио-нерлер | Майып- тар | 7 жашка чейинки балдар | Жалгыз бой кары жарандар | Эскертүү |
1. | Живпром(2) 1,5 | 63 | 3 | 53 | - |
|
2. | Живпром 2,6 | 28 | 2 | 35 | 1 |
|
3. | Живпром 5,04 | 21 | - | 28 | - |
|
4. | Живпром 4,2 | 18 | 1 | 23 | - |
|
5 | Р.Азимова 1,5 | - | - | - | - |
|
6 | Живпром( Жолдошев)1,5 | - | - | - |
|
|
7 | Живпром (ДЭУ) | - | - | - | - |
|
8 | Живпром | - | - | - | - |
|
| Спутник А.Б | 130 | 6 | 139 | 1 |
|
Калктуу конуштар радиолоштурулган, электрлештирилген, узундугу 27 км түзгөн суу түтүктөрү бар. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу суу түтүктөрү, кудуктар жана скважиналар аркылуу ишке ашырылат. Аймактык башкаруунун кээ бир жерлери газ түйүндөрү менен камсыз кылынган.
АБнын кеңсеси жана башкаруунун калктуу конуштары өткөргүчсүз «КыргызТелеком», «О», «Билайн», «Мегаком», телефон байланышы менен камсыз болгон.
Калктын негизги киреше булагы – мамлекеттик кызматкерлер, жеке сектордогу кызматкерлер же жеке ишкерлер.
Аймактык башкаруудагы малдын башынын саны:
· Ири мүйүздүү мал – 331 баш;
· Кой-эчки – 561 баш;
· Жылкы – 18 баш;
· Канаттуулар – 1664.
Чарба жүргүзүү объектилери:
· наабайкана - 9;
· май куйуучу жай - 2;
· тегирмен - 0;
· дарыкана - 8;
· эт цехи - 0;
· соода түйүндөрү - 28
· шириндик бышыруучу цех -2
Ички чарбалык жол тармагы жалпы пайдаланылып келген жолдордун тармагы менен түздөн-түз байланыштуу. Негизи жолдун узундугу 25 чакырымды түзөт, Электрберүү линиясынын (ЭБЛ) узундугу – 25 чакырым.
· Трансформаторлук подстанциялардын саны – 34 даана.
Калк электр кубаты менен 100 % камсыздалган.
1.3. АБнун инфратүзүлүшү жана алардын мүнөздөмөсү.
Билим берүү мекемелери:
№ к/н | Мектептин аталышы | Муг-дин саны | Окуучу-дын саны | Класстардын саны | Имараттарга мүнөздөмө |
1 | Р.Санатбаев атындагы №9 орто мектеп Жеңи-Жок көч | 91 | 1755 | 61 | 3 кабаттуу, 1973-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык |
2 | Р.Азимов атындагы №13 орто мектеп Р.Азимов көч | 110 | 2856 | 86 | 3 кабаттуу, 1976-жылы курулган, кирпич (Панел), техникалык абалы канааттандырарлык |
3 | И.Сатыбаев атындаг №19 орто мектеп | 33 | 517 | 25 | 2 кабаттуу, 1995-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык |
| Бардыгы | 234 | 5128 | 172 |
|
Медициналык мекемелер:
№ к/н |
Аталышы | Медициналык кызматкерлердин саны |
Имаратка мүнөздөмө | ||
дары-герлер | мед айым/ фельдшерлер | санитарлар | |||
1. | №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу | 11 | 13/2 фельдшер мектепте | 3 | 1974-ж.курулган, кирпич техникалык абалы канааттандырарлык, талапка жооп берилбейт, |
| Бардыгы | 10 | 13/2 | 3 |
|
Маданий-эс алуучу мекемелер:
· Спорт зал - 4;
· Спорт аянтчасы - 4;
· Парк - 2.
Калктуу конуштарды кеңейтүүдө аймактык башкаруусундагы трансформациялоого сунушталган жер тилкелери Жалал-Абад шаардык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы менен биргеликте тандалып чыкты, аталган жер тилкелердин келечектүүлүгү алардын генералдык пландары аркылуу каралды. Биринчи кезекте мурдатан негизги калктуу конуштарды түзгөн жер тилкелерди кеңейтүү, өстүрүү жагы каралды. Негизинен келечектеги түзүлүп жаткан жаңы калктуу конуштарда элдер турак жай салып, жашоого ыңгайлуу болгон жана негизги автоунаа жолдору барган, ички инфрастүзүмдөрү жакшы шарттагы бар жер тилкелери тандалып каралды. Бирок айланасы өндүрүш иш-каналары менен курчалгандыгына байланыштуу жалпы 28,32 га аянтына санитардык зонага каршы келет деп корутунду берилген.
1. Живпром жер тилкесинин ээлеген аянты 2,0 га. Кожолуктун саны 100 толук курулуп бүткөн үйлөрдү түзөт. Жалал-Абад шаарынын борборунан 8 км алыстыкта жайгашкан. Калктуу конуштун ээлери мамлекеттик кызматта, жеке ишкерлик жана мал жандыктарды өндүрүү менен алектенет. Бул зонада нефть топтолуучу жай жайгашкан. Бош жаткан 20 м2 сарай жер тилкесине, жалпы Живпром жана Промзонада балдардын билим алуусу үчүн мектеп жоктугуна байланыштуу, балдарга шарт түзүү максатында мектеп куруу зарылчылыгы бар.
2. Живпром жер тилкесинин ээлеген аянты 2,94 га. Кожолуктун саны 250нү түзөт, анын ичинен азыркы учурда жашап жаткан үй-бүлөлөрдүн саны 200, ал эми фундамент куюлган үйлөрдүн саны 50. Жалал-Абад шаарынын борборунан 8 км алыстыкта жайгашкан. Калктуу конуштун ээлери мамлекеттик кызматта, жеке ишкерлик жана мал жандыктарды өндүрүү менен алектенет. Бул зонада нефть топтолуучу жай жайгашкан. Бош жаткан 20 мкв сарай жер тилкесине, жалпы Живпром жана Промзонада балдардын билим алуусу үчүн мектеп жоктугуна байланыштуу, балдарга шарт түзүү максатында мектеп куруу зарылчылыгы бар
3. Живпром (У.Хабиев) жер тилкесинин ээлеген аянты 1,5 га. Кожолуктун саны 30 толук курулуп бүткөн үйлөрдү түзөт. Жалал-Абад шаарынын борборунан 8 км алыстыкта жайгашкан. Таш майдалоочу завод жайгашкан аталган аймакта жайгашкан. Калктуу конуштун ээлери мамлекеттик кызматта, жеке ишкерлик жана мал жандыктарды өндүрүү менен алектенет.
4. Живпром айылынын ээлеген аянты 4,2 га. Кожолуктун саны 70 толук курулуп бүткөн үйлөрдү түзөт, жана азыркы учурда аталган жер тилкелерде 70 үй-бүлө жашап келүүдө. Жалал-Абад шаарынын борборунан 8 км алыстыкта жайгашкан. Калктуу конуштун ээлери мамлекеттик кызматта, жеке ишкерлик жана мал жандыктарды өндүрүү менен алектенет.
5. Р.Азимова айылынын ээлеген аянты 1,5 га. Жалпы кожолуктун саны 24, анын ичинен 24 үй толук курулуп бүткөн жана азыркы учурда аталган жер тилкелерде 1 үй-бүлө жашап келүүдө. Жалал-Абад шаарынын борборунан 5 км алыстыкта жайгашкан. Калктуу конуштун ээлери мамлекеттик кызматта, жеке ишкерлик жана мал жандыктарды өндүрүү менен алектенет.
6. Живпром айылынын ээлеген аянты 1,6 га. Кожолуктун саны 25 жана азыркы учурда аталган жер тилкелерде 25 үй-бүлө жашап келүүдө. Жалал-Абад шаарынын борборунан 8 км алыстыкта жайгашкан. Калктуу конуштун ээлери мамлекеттик кызматта, жеке ишкерлик жана мал жандыктарды өндүрүү менен алектенет.
7. Живпром айылынын ээлеген аянты 1,5 га. Кожолуктун саны 22 жана азыркы учурда аталган жер тилкелерде 22 үй-бүлө жашап келүүдө. Жалал-Абад шаарынын борборунан 8 км алыстыкта жайгашкан. Калктуу конуштун ээлери мамлекеттик кызматта, жеке ишкерлик жана мал жандыктарды өндүрүү менен алектенет.
8. Живпром айылынын ээлеген аянты 4,94 га. Кожолуктун саны 80 жана азыркы учурда аталган жер тилкелерде 80 үй-бүлө жашап келүүдө. Жалал-Абад шаарынын борборунан 8 км алыстыкта жайгашкан. Калктуу конуштун ээлери мамлекеттик кызматта, жеке ишкерлик жана мал жандыктарды өндүрүү менен алектенет.
Шаар аймагынын калктуу конуштарында жашап жаткан элдин саны жыл өткөн сайын өсүп, ал эми Спутник аймактык башкаруусунда бир жылда орточо эсеп менен 80ге жакын үй-бүлө куралууда. Шаар аймагы боюнча жер тилкелерине муктаж болгондордун саны 2022-жылдын 25-январына карата 3481 жарандарды түзөт.
Спутник айматык башкаруу мекемесинде 2022-2026-жылдар ичинде жаны конуштарды түзүүгө бекитилген жер массивтери:
К/н | Этаптар | Камтылган жылдар | Калктуу конуштарга каралган жер тилкелери | Жаны калктуу конуштарга бөлүнө турган жер аянттары | Жер тилкесине муктаж болгон жана жаъы куралып жаткан жараандардын саны | ||||
Табигый жарат. кырсыктарына байланыштуу | Кезекте тургандар | Баары | |||||||
га. | Участка саны |
| Жаны үй-бүлө | ||||||
1. |
| 2006 | Живпром | 26,82 | 707 |
|
|
|
|
2 |
| 2015 | Р.Азимова | 1,5 | 24 |
|
|
|
|
Спутник аймактык башкаруусундагы трансформациялоого муктаж жер тилкелеринин жайгашуусу жана кожолуктун, калкынын болжолдуу саны:
№ | Айылдардын аталышы | Район борборалыстыкта (км) | Област борбору алыстыкта (км) | Кожолуктун саны | Калк саны (адам) | Калктын улуттук курамы | |||
кыргыз | Башка улуттар | ||||||||
саны | % | саны | % | ||||||
1 | Живпром(2) 1,5 | - | 8 | 30 | 30 | 30 | 100 | - | - |
2 | Живпром 2,0 | - | 8 | 100 | 100 | 100 | 100 | - | - |
3 | Живпром 2,94 | - | 8 | 200 | 250 | 250 | 100 | - | - |
4 | Живпром 4,2 | - | 8 | 70 | 70 | 70 | 100 | - | - |
5 | Р.Азимова 1,5 |
| 5 | 1 | 24 | 24 | 100 | - | - |
6 | Живпром 1,6 |
| 8 | 25 | 75 | 75 | 100 | - | - |
7 | Живпром 1,5 |
| 8 | 22 | 70 | 70 | 100 | - | - |
8 | Живпром 4,94 |
| 8 | 80 | 200 | 200 | 100 |
|
|
| Баары |
|
| 528 | 819 | 819 | 100 |
|
|
Спутник аймактык башкаруусундагы трансформациялоого муктаж жер тилкелеринин аянттары жана мал жандыктарынын саны:
№ | Трансформациялоого сунушталган жер тилкелердин аталыштары | Жер тилкелердин жалпы ээлеген аянты (га) | Мал санактын жыйынтыгы боюнча мал жандыктарынын саны (баш) | ||
Ири мүйүздүү малдар | Кой-эчки | жылкылар | |||
1 | Живпром | 1,5 | 15 | 13 | 1 |
2 | Живпром | 2,0 | 54 | 148 | 3 |
3 | Живпром | 2,94 | 7 | 6 | 1 |
4 | Живпром | 4,2 | 13 | 20 | 1 |
5 | Р.Азимова | 1,5 | - | - | - |
6 | Живпром | 1,6 | - | - | - |
7 | Живпром | 1,5 | - | - | - |
8 | Живпром | 4,94 | - | - | - |
| Баары | 20,18 | 89 | 187 | 6 |
Спутник аймактык башкаруусундагы “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясындагы трансформациялоого сунушталган жерлердин тизмеси
№ | Трансформациялоого сунушталган жер тилкелердин аталыштары | Жер тилкелердин жалпы ээлеген аянты (га) | Жер тилкелердин багыты |
1 | Живпром | 2,94 | Өнөр жай багыты |
2 | Р.Азимова | 1,5 | Өнөр жай багыты |
| Живпром | 1,6 | Өнөр жай багыты |
| Баары | 6,04 |
|
Спутник аймактык башкаруусундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы трансформациялоого сунушталган жерлердин тизмеси
№ | Трансформациялоого сунушталган жер тилкелердин аталыштары | Жер тилкелердин жалпы ээлеген аянты (га) | Жер тилкелердин багыты |
1 | Живпром | 4,2 | Айыл чарба багыты |
2 | Живпром | 2,0 | Айыл чарба багыты |
3 | Живпром | 1,5 | Айыл чарба багыты |
4 | Живпром | 1,5 | Айыл чарба багыты |
5 | Живпром | 4,94 | Айыл чарба багыты |
| Баары | 14,14 |
|
Шаардык кеӊештин башкы адиси О.Эшенкулов