Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы
2022-жылдын 08-февралы № 02
Кызматкерлердин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы № 452 токтомуна ылайык Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы № 452 токтому боюнча жооптуу катчы С.Наралиеванын билдирүүсү эске алынсын, анын негизинде Токтогул шаардык кеңешинин штаттык бирдигинин сан эсеби төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Жооптуу кызматкерлер - 4 штаттык бирдик, анын ичинен:
Төрага – 1 штаттык бирдик;
Жооптуу катчы-1 штаттык бирдик;
Башкы адис-1 штаттык бирдик;
Жетектөөчү адис-1 штаттык бирдик
- Тейлөөчү кызматкерлер -2 штаттык бирдик, анын ичинен:
Кызматтык унаанын айдоочусу – 1 штаттык бирдик;
Иш кагаздарын жүргүзүүчү адис – 1 штаттык бирдик;
Жалпы: 6 штаттык бирдиги (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 452)
2. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, Токтогул шаардык кеңешинин төмөндөгу кызматкерлери, 2022-жылдын 1-январынан баштап 2022-жылдын 31-декабрына чейин, Токтогул шаардык мэриясына убактылуу иш алып барышсын:
- К.Тияншанова (жетектөөчү адис) ижарага берилген муниципалдык менчиктеги жерлердин ижара акыларын чогултууга көмөктөшүү;
- А.Адылова Токтогул шаардык мэриясында иш кагаздарын жүргүзүүчү милдеттерин аткаруу үчүн;
3. Токтом кыргыз тилинде кабыл алынды.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | М.Н.Жусупахунов |