Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы
2022-жылдын 08-февралы № 05
01.01.2022 - жылга карата Токтогул шаарынын мэриясынын негизги жана атайын эсебинде калган акча каражатынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана Бюджеттик Кодексине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, ФЭБ башчысы Н.Кулузакованын билдирүү, маалыматтарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Токтогул шаарынын мэриясынын негизги жана атайын эсебиндеги акча каражатынын 01.01.2022-жылга карата калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө туруктуу комиссиянын маалымат, билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Жыл башында жалпы 18 068,0 миң сом, анын ичинен, негизги эсептен калдык 17526,1 миң сом, атайын каражаттан калдык 541,9 миң сом, анын ичинен, мэриянын аппаратында 229,9 миң сом жана балдар бакчаларынын эсебинде 312,0 миң сом калгандыгы белгиленсин жана алар төмөндөгү багыттарга чыгымдалсын:
· Негизги эсептен калдык: 17526,1 миң сом, анын ичинен:
Мэриянын аппаратына
Статья 2111 – 328,3 миң сом - жылдын жыйынтыгы менен кызматкерлерге сый акыга
Статья 2121 – 56,6 миң сом – соцфондго төлөөгө
Шаардык кеңештин аппаратына
Статья 2111 – 84,5 миң сом -жылдын жыйынтыгы менен кызматкерлерге сый акы үчүн
Статья 2121 – 14,6 миң сом –соцфондго төлөөгө
Статья 2215 – 600,0 миң сом –Долбоорлоо –сметалык документтерди даярдоого
Статья 2215 – 174,0 мин сом – Мэриянын жана шаардык кеңештин компьютерлерин тейлөө, картридждерди толтурууга;
Статья 2215 – 200,0 мин сом – курулуш, ондоп түзөө иштерине технадзордун кызмат көрсөтүүсү үчүн;
Статья 2221 - 700,0 мин сом- Акжон, Топбаза кичирайондорунда көчөлөрдү шагылдоого;
Статья 3111 - 8785,8 миң сом- ОсОО Кубай, 75 орундуу балдар бакчасынын курулушуна
Статья 3111 - 326,2 миң сом - ОсОО “Агынай Стройсервис” балдар ойноочу аянтча курууга;
Статья 3111 - 989,2 миң сом – ОсОО “Эмаком плюс” кичифутбол аянтчасын капиталдык оңдоого;
Статья 3111 - 61,6 миң сом- ОсОО “Сафира” Токтогул жазуусунун алдыңкы бөлүгүн жакшыртууга;
Статья 3111 - 3238,3 миң сом- “Жаштар аллеясы” Токтогул көчосунөн М.Ашыров көчөсүнө чейин улантып курууга;
Статья 3111 - 1500,0 миң сом -Токтогул шаардык кеңешинин кеңсесин кеңейтүү, реконструкциялоо жана жабдуулар менен камсыздоо;
Статья 3112 - 267,0 миң сом - ОсОО “Промышленное снабжение” видео көзөмол орнотууга;
Статья 3112 - 200,0 миң сом “Нур” мечитине жылыткыч (кондиционер) алууга;
Атайын эсептеги калдык : 541,9 миң сом, анын ичинен:
Мэриянын аппаратына
Статья 2222 - 229,9 миң сом – мэриянын аппаратына канцеллярдык жана чарбалык чыгымдарына;
Балдар бакчасына
Статья 2218 - 312,0 миң сом –тамак аш чыгымына;
3. Бул токтомдун аткаруу Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дербишев) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | М.Н.Жусупахунов |