Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы
2022-жылдын 08-февралы № 07
Түрткү берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, 2022-жылы Токтогул шаарында түрткү берүүчү гранттын эсебинен долбоорду ишке ашыруу аракеттери боюнча шаар мэри Б.Болгонбековдун 31.01.2022-жылдагы № 01-34/46 сунушу “Экономика,бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин
2. Түрткү берүүчу гранттын эсебинен, А.Козубеков атындагы паркта жайгашкан стадиондогу футбол аянтчасынын айланасындагы жолду (чуркоочу жолду) асфальттоо боюнча долбоорду ишке ашырууга байланыштуу төмөндөгүлөр эске алынсын:
- долбоордун жалпы наркы 3 147 814 сом;
- анын ичинен, жергиликтүү бюджеттин эсебинен, өздүк салым катары (долбоордун наркынын 25 %) бөлүнүп берилген каражат 786 900 сом;
1. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.
2. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) жана ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
3. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (К.Дербишев).
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | М.Н.Жусупахунов |