Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 5-1
Артыкчылыктуу долбоорду бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндөгү Типтүү жобого ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын тургундарынын жалпы жыйындарынын чечиминин негизинде айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы сунуштаган корутундусун карап жана талкуулап чыгып, сессия токтом кылат:
1. ”Жерге-Тал айылынын Ч.Багышбеков көчөсүнүн эки тарабына лоток куруу” долбоору артыкчылыктуу долбоор деп бекитилсин.
2. Аталган долбоор боюнча долбоордук сунуш даярдап, Аксы райондук өнүктүрүү фондусунун каржылоосуна сунуштоо жага айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Стамкуловго жүктөлсүн.
Төрага | К.Мураталиев |