Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 5-2
Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы Аксакалдар соттору жөнүндөгү Мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 11 статьясына ылайык жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 7-октябрындагы отурумунун корутундусун карап жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, кайрадан мүчөлөрүн кароо каралсын.
2. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү төмөнкүдөй курамда бекитилсин: Шабданов Рысмамат, Мамытов Жолчу, Калыбеков Дүйшөн, Мамбетов Шайымкул, Эргешов Атамболуш, Бердалиев Абдышүкүр жана Өтөмбаев Орозбек.
3. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан төраганы жана катчыны шайлашат.
4. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ж.Абылкасымовага жүктөлсүн.
Төрага | К.Мураталиев |