Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 5-4
Алмазбек Абыкеевдин ысмын Жерге-Тал айылындагы МЧББУна ыйгаруу жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 7-октябрындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. Аксы районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы мектепке чейинки билим берүү борборуна маркум Алмазбек Абыкеевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ж.Абылкасымовага жүктөлсүн.
Төрага | К.Мураталиев |