Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 5-5
Сметага өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын “Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен жетишпестиктерди жоюу үчүн келген 350,0 сом акча каражатын сметага отургузуу жөнүндөгү” отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен жетишпестиктерди жоюу үчүн келип түшкөн 350,0(үч жүз элүү миң) сом акча каражаты бюджеттин Р-70921 бөлүмүнүн 2224-статьясына (көмүр сатып алуу) отургузулуп, айыл аймактын социалдык мекемелерин жылытуу үчүн көмүр сатып алууга жумшалсын.
2. Келип түшкөн акча каражатын максаттуу чыгымдоо жагы ФЭБнүн башчысы Э.Найманбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага | К.Мураталиев |