Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2021-жылдын 3-декабры № 6-1
Муниципиалдык менчик объектилерин ижарага берүү тартиби жөнүндө ЖОБОну бекитүү
Муниципиалдык менчик объектилерди ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 1-декабрындагы отурумун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. Муниципалдык менчиктеги объектилерин башкаруу боюнча жана ижарага берүү тартиби боюнча ЖОБО бекитилсин.
2. Жерге-Тал айыл өкмөтүндө муниципиалдык менчик объектилерди ижарага берүүнүн тартиби ЖОБОго ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн
3. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Назарбековго тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |