Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2021-жылдын 03-декабры № 6-2
Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы Министрлигинен жетишпестиктерди жоюу максатында келген акча каражатын чыгымдоону жергиликтүү бюджетке киргизүү жөнүндө.
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2021-жыл жергиликтүү бюджетине Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы Министрлигинен жетишпестиктерди жоюу максатында келген 2000,0(эки миллион)сом акча каражатын жаңы курулган бала бакчаны толук кандуу ишке киргизүү үчүн жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 15-ноябрындагы отурумун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы Министрлигинен келген 2000,0(эки миллион)сом акча каражатын
1.1 Р-70911 бөлүмүнүн 2222- статьясына 645,3(алты жүз кырк беш миң үч жүз) сом, 3111-статьясына 110,0(бир жүз он миң) сом, 3112-статьясына 774,7(жети жүз жетимиш төрт миң жети жүз) сому жаңы курулган бала бакчаны толук кандуу ишке киргизүү үчүн жетишпестиктерди сатып алуу үчүн;
1.2.Р-70921 бөлүмүнүн 2222-статьясына 50,0(элүү миң) сом А.Эрматов орто мектебине жылытуу системасынын электр жабдууларын сатып алуу үчүн, 2224-статьясына 100,0(бир жүз миң) сому Э.Даникулов орто мектебине көмүр сатып алуу учүн;
1.3.Р-70629 бөлүмүнун 3112-стаьясына 320,0(үч жүз жыйырма миң) сому жаңы конуштарга электр мамычаларын сатып алуу үчүн жайгаштырылсын.
2.Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана максаттуу пайдалануу боюнча айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселери боюнча туруктуу комиссияга билдирүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Э.Найманбаевага милдеттендирилсин.
3.Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешининин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары Б.Турабековго тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |