Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2021-жылдын 3-декабры № 6-3
Жерге-Тал айылынын тургуну спортсмен Мырзаназар уулу Бекболотко акча каражатын бөлүп берүү жана үнөмдөлгөн акча каражаттарын жылдыруу жөнүндө.
Дуйнө чемпионатында күмүш медалдын ээси Мырзаназар уулу Бекболотко 50,0(элүү миң) сом акча каражатын бөлүп берүү, үнөмдөлгөн акча каражаттары (айылдарга алынуучу трубаларга коюлган акча каражатынан 83,0(сексен үч миң) сом, бала бакчанын электр энергиясынан 40,0(кырк миң)сом) жылдыруу жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 15-ноябрындагы отурумун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. Р-70629 бөлүмүнүн 2222 статьясында жайгашкан 334,0(үч отуз төрт миң) сом акча каражаты Р-70111 бөлүмүнүн 2215 статьясына жылдырылсын. Ушул акча каражатынан Мырзаназар уулу Бекболотко 50,0(элүү миң) сом акчалай берилсин, 180,0(бир жүз сексен миң) сом акча каражаты электр мамычаларын сатып алууга жана калган 104,0 (бир жүз төрт миң) сом акча каражаты Р-70111 бөлүмүнүн 2215-статьясына жылдырылсын.
2. Р-70911 бөлүмүнөн 2231-статьясынан 40,0(кырк миң) сом акча каражаты Р-70111 бөлүмүнүн 2215 статьясына жана Р-70911 бөлдүмүнүн 2211-статьясынан 21,5(жыйырма бир миң беш жүз) сом акча каражаты Р-70111 бөлүмүнүн 2215 статьясына жылдырылсын.
3. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана максаттуу пайдалануу боюнча айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселери боюнча туруктуу комиссияга билдирүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Э.Найманбаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешининин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары Б.Турабековго тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |