Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2021-жылдын 3-декабры № 6-4
Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгын эки эсеге көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин негизинде айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгын көтөрүү жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы отурумун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгын эки эсеге, 296,7(эки жүз токсон алты миң жети жүз) сомдон 593,4(беш жүз токсон үч миң төрт жүз) сомго көтөрүлсүн.
2. Жергиликтүү бюджеттин атайын каражаты 2022-жылга 1155,0 (бир миллион бир жүз элүү беш миң) сомго көтөрүлсүн.
3. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана максаттуу пайдалануу боюнча айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселери боюнча туруктуу комиссияга билдирүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Э.Найманбаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешининин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары Б.Турабековго тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |