Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2021-жылдын 3-декабры № 6-5
Артыкчылыктуу долбоорду бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндөгү Типтүү жобого ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын тургундарынын жалпы жыйындарынын чечиминин негизинде айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы сунуштаган корутундусун карап жана талкуулап чыгып, сессия токтом кылат:
1. ”Жерге-Тал айылынын А.Субанов көчөсүнө асфальт төшөө” долбоору артыкчылыктуу долбоор деп бекитилсин.
2. Аталган долбоор боюнча долбоордук сунуш даярдап, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин үлүштүк (дем берүүчү) грантына сунуштоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Стамкуловго жүктөлсүн.
Төрага | К.Мураталиев |