Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2021-жылдын 3-декабры № 6-6
“А.Субанов көчөсүнө асфальт төшөө”долбооруна өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна ылайык жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 30-ноябрындагы “А.Субанов көчөсүнө асфальт төшөө” долбоорун колдоо боюнча, өздүк салым бөлүп берүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин үлүштүк (дем берүүчү) грантына даярдалган “А.Субанов көчөсүнө асфальт төшөө” долбоорун колдоо максатында 570,0 (беш жүз жетимиш миң) сом акча каражаты 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешининин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары Б.Турабековго тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |