Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2021-жылдын 3-декабры № 6-7
Жерге-Тал айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономика Министрлигинин 2018-жылдын 15-майындагы №63-А жана КРЖӨБЭММА нин 2018-жылдын 16-майындагы №01-18/56 биргелешкен буйругу менен бекитилген “шаарлардын жана айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн усулдук колдомонун” негизинде, 2018-2040-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде жана айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштаган корутундусун карап жана талкуулап чыгып, сессия токтом кылат:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
2. Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Стамкуловго жүктөлсүн.
Төрага | К.Мураталиев |