Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2021-жылдын 3-декабры № 6-8
“Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө”
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аныктоочу комиссиясынын сунушун жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштаган корутундусун карап жана талкуулап чыгып,сессия токтом кылат:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ар бир муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн түрү боюнча паспортторду даярдоо жана кызматты паспортто көрсөтүлгөндөй шарттар боюнча аткаруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Стамкуловго жүктөлсүн.
Төрага | К.Мураталиев |