Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 4-февралы № 7-1
Жерге-Тал айыл өкмөт башчысынын 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгында аткарылган иштери боюнча отчётун жана 2022-жылга карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 46-47-беренелерине ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын “Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы З.Көпөеванын айыл аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгында аткарылышы тууралуу отчётун кабыл алуу жөнүндөгү” жана “2022-жылга карата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын кабыл алуу жөнүндөгү” корутундуларын угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы З.Көпөеванын 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүктурүү планынын аткарылышы тууралуу отчёту “канаатандырарлык” деп кабыл алынсын.
2. 2022-жылга карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
3. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин социалдык, жаштар жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Стамкуловго тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |