Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 4-февралы № 7-4
Келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомуна ылайык Аксы райондук мамлекеттик статистика башкармалыгы менен Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ортосундагы “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” келишимди бекитүү берүү сунушун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесине ылайык жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2022-жылдын 1-февралындагы отурумунун долбоорун карап, талкуулап сессия токтом кылат:
1. Аксы райондук статистика башкармалыгы менен Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” келишими бекитилсин.
2. Келишимдин шарттарын мыйзамдуу түрдө аткаруу жагы Жерге-Тал айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин бюджет жана каржы маселери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Турабековго тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |