Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 4-февралы № 7-5
2022-жылга карата Жерге-Тал айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Жерге-Тал айылдык кеңешинин иш планынын долбоорун карап жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айылдык кеңешинин иш планы өз убагында так аткаруу жагы туруктуу комиссиялардын башчыларына милдеттендирилсин.
3. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Н.Мамадалиевага тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |