Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 4-февралы № 7-6
Жерге-Тал суу СПА сынын мурабдарына кайракы жерден 2 га жер аянтты ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 73 беренесине ылайык жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2022-жылдын 1-февралындагы отурумун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. Жерге-Тал суу СПАсынын мурабдарына айыл аймактагы фонддун кайракы жеринен 2 (эки)га жер аянтты ижарага мыйзамдуу карап, тактап чечип берүүнү айыл өкмөттүн башчысына сунушталсын..
2. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Назарбековго тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |