Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 4-февралы № 7-7
Жерге-Тал айыл аймагындагы күзгү жана жазгы жайыттарды сактоо максатында
Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнундөгү мыйзамынын 7-беренесине ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиянын 2022-жылдын 1-февралындагы отурумун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. Айыл аймактагы жакынкы күзгү жана жазгы жайыттарды сактоо жана жер кыртышын иретке келтирүү максатында майда жандыктар алыскы жайлоолорго айдалсын.
2. Жакынкы жайыттарга мал жайууну тыюу салуу менен алыскы жайлоого 20-май айына чейин малдарды айылда калтырбастан айдоо жана 1-сентябрь айына чейин малдарды алыскы жайлоодон алып келбөө жагы жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
3. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Назарбековго тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |