Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 7-1
Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 12 айында аткарган иштери жөнүндө.
Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Фарманкуловдун өкмөттүн 2021-жылдын 12 айында аткарган иштери жөнүндөгү докладын угуп жана талкуулап, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Фарманкуловдун 2021-жылдын 12 айындагы иш жыйынтыктары боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Фарманкуловдун 2021-жылдын 12 айында аткарган иштери канааттандырарлык деп баалансын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.
Төрага | Т.Туманбаев |