Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 7-2
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражаттарын чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө.
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдун айыл өкмөттүн 2021-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражаттарынын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндөгү докладын угуп жана талкуулап, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдун айыл өкмөттүн 2021-жылдын 12 айындагы иш жыйынтыктары боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин атайын төлөм каражаттарынын аткарылышы канааттандырарлык деп баалансын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Джакишевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Туманбаев |