Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 7-5
“Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдар арасында социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо” программасын бекитүү жөнүндө
“Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдар арасында социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо” жөнүндөгү программасын угуп жана талкуулап Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдар арасында социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо” программасы тиркемеге ылайык кошумча-алымчасы менен бекитилсин.
2. Бул программаны ишке ашыруу жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Т.Туманбаев |