Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 7-6
Ак-Коргон айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин 2022-жылга карата жайыт комитетинин башчысы Ш.Нармырзаевдун билдирүүсүн талкуулап чыгып, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин 2022-жылга карата билдирүүсү эске алынсын.
2. Ак-Коргон айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджети төмөнкүдөй бекитилсин.
- бир жылдык кирешеси-102,8 миң сом
- чыгаша бөлүгү-102,8 миң сом
Анын ичинен
- салыкка-37,0 миң сом
- айыл өкмөтүнөн-30,8 миң сом
- жайыт комитетине-35,0 миң сом
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Туманбаев |