Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 7-7
Ак-Коргон айыл аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жарандык коргону комиссияларынын кол тийгис акча каражатын бөлүү чаралары жөнүндө
2022-жылга айыл аймакта ар түрдүү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылга айыл аймакта ар түрдүү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандык коргонуу комиссияларынын кол тийгис акча каражаты үчүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Туманбаев |