Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 7-8
Ак-Коргон айыл аймагы боюнча эл каттоо жүргүзүү чаралары жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү” жөнүндө № 690-токтомунун календардык иш планына ылайык, 2022-жылы аймак боюнча эл каттоо иш арекеттерин жүргүзүү максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагында 2022-жылы аймак боюнча эл каттоо жүргүзүү, ар бир айылга банер даярдоо, календар чыгаруу жана автоунаа чыгымдарын болжолдуу сметасын карап, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү документтерди тактап акча каражатын бөлүп берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Туманбаев |