Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 7-9
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын топо сьёмкасын даярдоо, айыл өкмөттүн архивдик бөлмөсүн ремонттоо жана айыл кеңешинин апаратына компьютер сатып алуу жөнүндө
Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. -Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон, Баястан, Падек, Сафед-Булан айылдарында жарандарды турак жай участкаларын топо сьёмкасы үчүн суралган акча каражаты,
- айыл өкмөттүн архив бөлмөсүн оңдоо жана эмеректер(стелаж) алуу үчүн 80 000 (сексен миң) сом,
- айылдык кеңешин апаратына компьютер жана принтер алуу үчүн 60 000 (алтымыш миң) сом,
- Ак-Коргон аймактык ооруканасынын чатырын жаңылоо үчүн-120 000 (бир жүз жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү документтерди тактап, акча каражатын бөлүп берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Туманбаев |