Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 7-10
Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 28-чакырылышынын депутаты А.Абдукодировдун арызын кароо жөнүндө
Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 28-чакырылышынын депутаты А.Абдукодировдун арызын канааттандыруу максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 28-чакырылышдагы депутаты Абдукодиров Абдугани Жоробаевич 2021-жылдын 6 октябрь айыл өкмөттүн № 27 буйругунун негизинде Баястан айылынын айыл башчысы болуп дайындалгандыгына байланыштуу, депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. Баястан айылынын № 5 шайлоо округунан кезектеги орундун ээси, талапкер Борубаев Абдиназар Тохтабаевичдин өз каалоосу менен айылдык кеңеш депутаттыгынан баш тарткан арызы эске алынсын.
3. Баястан айылынын № 5 шайлоо округунан кезектеги талапкер Парпиев Кадырбек Мамашариповичдун Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 28-чакырылышынын депутаттык мандатын берүүнү Ала-Бука райондук шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик ук уктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын
6. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Чиналиевага тапшырылсын.
Төрага | Т.Туманбаев |