Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 7-11
Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылында 2022-жыл ичинде көйгөйлүү маселелерди чечүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылында 2022-жылга карата бекитилген бюджетинен пайдалануу максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылында 2022-жылга бекитилген бюджетинен төмөндөгүдөй максатта жумшалсын.
- № 9 МЧББУнун бесеткаларын жаңылоо үчүн-90 000 (токсон миң) сом
- “Ак Булак №1” көчөсүн шагалдоо жана көпүрөнү оңдоо үчүн-150 000 (жүз элуу миң)сом
- “Э.Чотбаев” көчөсүндөгү сел кананы тазалоо, трансформаторду оңдоо жана таза суу менен камсыз кылуу үчүн-150 000 (жүз элуу миң) сом.
- “Штап” участкасына 70 даана мамы орнотуу үчүн-500 000 (беш жүз миң) сом.
- “Ч.Айтматов” мектебинин коридорун оңдоо үчүн-120 000 (бир жүз жыйырма миң)сом.
- фитнес клуб үчүн инвентарлар алуу үчүн-300 000 (үч жүз миң) сом.
- аймактык оорукананын ремонтуна-20 000 (жыйрма миң) сом.
- “Фрунзе” каналаын тазалоо проекти үчүн-250 000 (эки жүз элуу миң) сом.
Жалпы-1 580 000 (бир миллион беш жүз сексен миң) сом.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Туманбаев |